Ысык-Көлдө жер титиреди

Бүгүн, 15-майда Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 14:00дө болуп, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

«Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга, Барскоон, Тосор айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок«, — деп айтылат маалыматта.