Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 17-июлда болжол менен саат 21:52де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Талаа, Шуран айылдарында жана Айдаркен шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.