Акылбек Жапаров Экономика министрлигинин ишин сынга алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин жана анын орун басарларынын маалыматы угулду.

Мен буга чейин ар бир министрдин орун басарына министрликтин ишмердүүлүгүнүн белгилүү бир багыты бөлүнүшү керектигин эскерткен элем, бүгүн биз бардык министрлердин орун басарларынын аткарган иштери боюнча отчетун угабыз”, – деди Акылбек Жапаров.

Экономика жана коммерция министри аткарылган иштердин натыйжасында макроэкономикалык туруктуулук камсыздалганын, ИДПнын өсүү темпи 3,9% түзгөнүн жана 453,4 млрд сомго жеткенин белгиледи.

2023-жылдын январь-май айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 5,2 млрд АКШ долларын түзүп, ал 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 27,9%га, анын ичинде импорт 29,2%га, экспорт 21,9%га өстү”, – деп белгиледи Данияр Амангельдиев.