
Улут аралык кастыкты козуткан деп Тик-Токер Каныбек Кудайбердиев кармалды.
Бишкек шаардык ИИББинин маалыматына караганда 2-майда социалдык тармактарда кармалган 1991-жылы туулган К.К. аттуу жарандын видеосу тараган.
Укук коргоо кызматкерлери анын баракчасына мониторинг жүргүзүп, улут аралык кастыкты козутуучу видеолорун аныкташкан.
Тийиштүү материалдар топтолуп, кылмыш иши козголду.
Тергөө амалдары жүрүп жатат.