УКМК: “Йакын инкардын” активдүү мүчөсү аталган уюмдан баш тартты

УКМК “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлүгүнөн баш тартуу боюнча маалымат берди.

      Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, Ысык-Көл облусунда “Йакын Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлүгүнөн баш тартуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүдү.

      "Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын жыйынтыгында, үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде сот тарабынан тыюу салынган аталган кыймылдын тарапташы  М.Ж.Ж. тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул кыймылдын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды", - деп айтылат маалыматта.