“250 миң сом алган”. Милиция кызматкери пара талап кылган деген шек менен кармалды

Бул тууралуу Kaktus.media сайты өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 12-майда таң эрте УКМКнын кызматкерлери Ош облусунун Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн опер кызматкерин пара талап кылган деген шек менен кармашкан.

Милиция кызматкери кылмыш ишин шектүүнүн пайдасына оң чечим чыгаруу үчүн 250 миң сом өлчөмүндө пара алган деп шектелүүдө.

Учурда милициянын имараты тинтүүгө алынды.