Төкөлдөш конушунда жарандар арасында жердин айынан чыр чыкты

Бүгүн, 12-майда Бишкек шаарындагы Төкөлдөш конушунда жарандар арасында чыр чыкты. Бул окуя Армей көчөсүндөгү 51 жер тилкеси менен байланыштуу.

Квартал жетекчиси Тохтахан Мунахунованын маалыматы боюнча, анда 1996-жылы берилген жерди приватташтыруу боюнча документ бар.

«Бул жер тилкеси башка адамга берилип, 2005-жылдагы мамлекеттик акт алганы кийин белгилүү болду. Бирок жер берүүгө жарыяланган мораторий күчүндө болчу», – деди ал. Квартал башчынын маалыматы боюнча, 51 жер тилкеде 72 үй-бүлө жашайт.

Бул жер тилкелерге байланыштуу ар кандай маселелер бар. Айрымдарынын оппоненти болсо, айрымдарынын чек арасы так эмес.

Ал эми экинчи тараптын өкүлүнүн маалыматы боюнча, соттун аны колдогон чечимине карабастан 2017-жылдан бери жерине толук ээ боло албай келет.

Бул аймакта сот аткаруучулар менен милиция кызматкерлери иштеп жатышат.

1853272.3b31fcdd54cf2b99cc670304f30625e5 Төкөлдөш конушунда жарандар арасында жердин айынан чыр чыкты