Москва районунда пара талап кылган салыкчылар кармалды

Салык системасындагы туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынан мүлк салыгы боюнча салыктык карызы жок экендиги жөнүндө маалым каттарды берүү учурунда опузалап жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алуунун коррупциялык механизмин уюштурган Чүй облусунун Москва районуна караштуу мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

«Москва районунун мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына караштуу жергиликтүү салыктарды жыйноо жана текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору У.П.А. жана башкармалыктын аталган рейддик салык контролу бөлүмүнүн башкы инспектору С.А.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдарына кийин күбөлүк берүү боюнча, жана ошондой эле салыктык текшерүү жүргүзүү жана мүлк салыгы боюнча салык карызынын жоктугу жөнүндө маалым кат берүү боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн, А.Д.А. аттуу жарандан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын мыйзамсыз түрдө талап кылган.Ошентип, 20-апрелде бул адамдар опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн алуу учурунда пара алып жаткан жеринен кармалган жана Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Кылмыш ишинин алкагында бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.