Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна зоо таштары кулап, жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 82-чакырымына алдын ала маалымат боюнча, 22-апрелде түнкү саат 2:00 чамасында зоо таштары кулап, жолду жаап калган.
Бактыга жараша жабыр тарткан жарандар жок. Кырсыктын кесепетинен чон чыңалуудагы электр чубалгылары үзүлгөн. Учурда №26 жол тейлө ишканасынын 1 жүктөгүчү, 1 бульдозери тартылган.
Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тарабынан унаа жолго чектөөлөр киргизилген.
![Screenshot 20230422 102136 Facebook Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу жабылды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/04/Screenshot_20230422-102136_Facebook.jpg)