Бишкекте интернет аркылуу маңзат саткан жаран кармалды

Бишкекте ири өлчөмдө психотроптук заттарды сатуу менен алектенген интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «В» Интернет дүкөнү Telegram`дагы өз каналы аркылуу баңги жана психотроптук заттарды Бишкек шаарынын аймагында «кыстырма» деп аталган жашыруун жерлер аркылуу сатып келген. Дүкөндүн Telegram мобилдик тиркемесинде 1000ден ашык катталуучусу болгон.

«Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери “В” интернет-дүкөнүнүн уюштуруучусу, оператору жана курьер болгон 1999-жылы туулган М.А. аттуу жаранды аныкташып, 12-апрелде Бишкектен кармашкан. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө шектүү өз ыктыяры менен Бишкек шаарынын аймагындагы психотроптук заттар катылган жашыруун жерлердин даректерин көрсөтүп берген. Кийин жашыруун жерлерден табылган заттарга соттук-химиялык экспертиза жүргүзүлүп, алар “метамфетамин” психотроптук зат экени аныкталган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран Бишкек ШИИБнын Убактылуу кармоо жайына киргизилип, анын башка интернет-дүкөндөр менен кылмыштуу байланыштарынын бар экендиги боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.