ТИМ кыргызстандыктарды Пакистанга барбай турууга үндөдү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Пакистанда ички саясий кырдаал кескин курчуганына байланыштуу кыргызстандыктарды аталган өлкөгө барбай турууга чакырды.

Министрлик кабарлагандай, азыр Пакистанда жүргөн кыргызстандыктар өздөрүнүн коопсуздук чараларын күчөтүшү керек. Акыркы окуялардан жабыркаган кыргызстандыктар тууралуу маалымат элчиликке түшкөн эмес.

Элчиликтин ишеним телефондору аркылуу Пакистанда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш ала алышат.

+ (92 51) 2250010, +(92) 330 3717771.

Кошумчалай кетсек, Пакистанда массалык нааразычылык акциялары өтүп жатат.