Белов Сергей изделүүдө

Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Ынтымак айылынын тургуну 1976-жылы туулган Белов Сергей Романович 2023-жылдын 24-март күнү саат 11:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

“Учурда Белов Сергей Романовичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт”,- деп айтылат

Белгилери: Бою 190-195 см, кашы, чачы сары, көзү көк, арык дене түзүлүштө, психикалык жактан жабыркайт, мурдунун үстүндө тырыгы бар.

Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө кызыл түстөгү куртка, аскердик шым, кара түстөгү кроссовки болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Белов Сергей Романович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: 102, (03722) 5 28 31,  0777 63 63 13,   0999 63 03 03.