Мыйзамсыз жер тилкелерин саткан жаран кармалды, – видео

Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен К.Д. аттуу жаран кайрылып, 2019-жылдын сентябрь айында А.Б. атту жаран ишеничке кирип Аламүдүн районунун, Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айыл-чарба багытындагы жалпы аянты 5,15га болгон жер тилкесин колдонуу багытын калктуу конушка өзгөртүүгө жардам берем деп ишеним кат жаздырып алганын, анан «А.Б.» багбандар коомдук бирикмесинин документтерин колдонуп, жогорудагы жер тилкени ар бири 0,04га бөлүп, өзүнүн таанышы аркылуу башка жарандарга турак жай куруу максатында сатып жибергенин билдирген. 

Ошондой эле арыз менен жеке турак жай салууга документтер бүткөрүлүп берилет деп убада берилген, жер тилкесин сатып алган 8 жаран кайрылган.

Аталган окуя боюнча түшкөн арыздар боюнча Чүй ОИИББнын Тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесидн (Башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу жана айыл чарба багытындагы максаттуу багытты бузуу менен өз алдынча курулуш куруу (кодекстин эски редакциясында) ) жана 209-беренесинде (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иштери козголгон. 

2023-жылдын 10-май күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү болуп 1962-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалып убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

Учурда тергөө уланып жатат.

image 12 4 Мыйзамсыз жер тилкелерин саткан жаран кармалды, - видео