Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.
Маалым болгондой, Кыргызстандан аталган иш-чарага сегиз туроператор катышууда. Алардын сапары менен павильондун ишин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду уюштуруп берген.
«Бул биздин ишмердүүлүгүбүз башталгандан бери катышып келе жаткан 11-эл аралык көргөзмөбүз. Бизге Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова жана ардактуу консул Ким Хо Сенг жардамдашып жатышат. Бүгүн көргөзмөнүн алкагында өлкөбүз жөнүндө таанытым жасалып, корей тилинде 5 мүнөттүк видеоролик көргөзүлөт. Андан соң Кыргызстандын туристтик потенциалы жана Фонддун долбоорлору жөнүндө айтып беребиз» — дейт Фонддун вице-президенти Кайрат Итибаев.
Анын айтымында, көргөзмөнүн жүрүшүндө I’m nomad бизнес-форуму уюштурулат.
«Ал эми эртең болсо Кыргызстан менен Кореянын эки тараптуу кызматташтыгынын тарыхындагы эң ири иш-чараны — 300 конок катышкан I’m nomad бизнес-форумун өткөрөбүз. Ал биздин өлкөгө Корея тараптан келген туристтердин агымынын көбөйүшүнө стимул болуп берет деген ишеничтебиз. Анткени, бул биздин максаттуу рыногубуздун бири болуп саналат. Кореялык инвесторлор биздин өлкөнүн туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорубузга да кызыгып калышы да мүмкүн», — деп кошумчалайт Кайрат Итибаев.