
Эртең, 5-майда, КРнын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Ага президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.
Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактын баракчаларында түз көрсөтүлөт.
Түз эфир саат 10:00дө башталат.