Адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
2023-жылдын 28-апрель күнү саат 21:00 чамасында Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну А.к.Н. Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кызы 2016-жылы туулган Ж.А.Ж. мектебинен саат 15:30 чамасында сабактан чыгып, ошол бойдон үйүнө келбей жатканы тууралуу маалымдаган.
Ушул эле күнү аталган факты Нарын РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, төмөндөгүлөр аныкталган:
Ж.А.Ж. Нарын районунун Орто-Нура айылынын чыгыш тарабында жайгашкан сарайдагы үйүнөн айылдагы орто мектепке жөө барып келип окуп жүргөн. 2023-жылдын 28-апрель күнү саат 12.00 чамасында өзү жалгыз мектепке окуганы кетип, кайра саат 15.30 сабактан чыгып, бирок үйүнө келбей калгандыктан, апасы Н.А.К. милиция кызматына билдирип, айылдыктардын WhatsApp группасына кызы жок болуп жаткандыгы тууралуу жазган.
Айылдын элдери чогулуп издөө иштерин уюштурушкан. Болжол менен саат 22:10 чамасында Ж.А.Ж. жансыз денеси Нарын районунун Орто-Нура айылында киши жашабаган үйдүн ичинен табылып, сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, Нарын районунун Орто-Нура айылынын 1959-жылы туулган Ш.Х. аттуу тургуну мас абалында кармалган.
Аталган факт Нарын РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122 беренесинин (Адам өлтүрүү) фактысы менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Кылмышка шектүү Ш. Х. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде, Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Бул факт ИИМдин жана Нарын ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды.