
25-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровго карата өкүм чыгарды.
Свердлов районунун мурдагы акими КР Кылмыш-жаза кодексинин 254-беренеси («Террористтик аракеттерге көмөк көрсөтүү») боюнча акталып, бирок 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») боюнча күнөөлүү деп табылды.
Ал бир жылга шарттуу көзөмөлгө алынды.
Руслан Бекназаров 2022-жылдын 14-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») боюнча шектелип кармалган.
Андан соң Ички иштер министрлиги социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда тыюу салынган экстремисттик, террористтик “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” кыймылынын идеологиясын үгүттөөчү материалдарды жарыялап, тараткан аккаунт аныкталганын билдирген.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Бекназаров ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып, кийинчерээк кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган. Ноябрда ал үй камагына бошотулган.