Эски таштанды таштоочу жайды рекультивациялоо жүрүп жатат

Учурда эски таштанды таштоочу жайды рекультивациялоо жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

«Бүгүнкү күндө таштанды талаасында түтүндү жоготуу иш-чаралары жүрүп жатат. Жумуштун активдүү жүрүшүнө ыктыярчылар дагы көмөк көрсөтүүдө. Мындан улам Бишкек санитардык полигонунда 95 пайызга түтүн маселеси чечилип, анын көлөмү кескин түрдө азайды. Чех компаниясы таштанды талаасында жумуш алып барууда. Алар заманбап техникаларын үлгү катары көрсөтүп, жер астындагы газдардын топтолушун ачыкка чыгарып көрсөтүшүүдө. Ошондой эле таштанды иргөөчү ишкана куруу алдында турабыз. Завод ишке кирсе ушундай түтөгөн көрүнүш жокко чыкмак»,-дейт вице мэр.

Шамыралиев таштанды иргөөчү ишкана курула турганын кошумчалады. Курулуш иштери бир жарым жылда аяктайт.

Ошол эле учурда жаңы таштанды полигонун куруу иштери жанданганы белгилүү болду. Жаңы полигон эскиден 500 метр алыс аралыкта жайгашып, аянты 12 гектар.

0753a37e e2fd 48de 94e5 942c5a10e3e7 1024x462 1 Эски таштанды таштоочу жайды рекультивациялоо жүрүп жатат