
Калаада Бишкектин 145 жылдыгына карата этно-спектакль өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, “Таберик” балдар музыкалык театры Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата “Бишкегим – Алтын бешигим” аттуу музыкалык этно-спектаклин койду. Иш-чарага Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев катышты.
Спектакль Батыш менен Чыгыш цивилизациясынын ортосундагы байланыштын негизги булагы катары Чүй өрөөнүнүн кесилишиндеги Жибек жолунун калыптанышынын жана өнүгүшүнүн тарыхый фактылары менен негизделген.
«Бишкеким — Алтын бешим» этникалык спектаклинин толук версиясын бул шилтемеден көрө аласыздар.


