Төрага Шакиев Володин менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу бүгүн, 25-апрелде Нурланбек Шакиевдин Россиядагы расмий иш сапарынын алкагында өтүп, анда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володинге ыраазычылык билдирип, алакаларды арттырууда мындай жолугушуулардын мааниси чоң экенин белгиледи.

“Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достукка жана өз ара ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүк жылдан-жылга өнүгүп келет. Биз бардык тармактар боюнча калыптанган байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз”, – деген Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаровдун май айынын башында Россияга пландалган расмий сапарына карата олуттуу даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Муну менен катар парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган Жогорку Кеңештин төрагасы мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты тармактык комитеттердин жана биргелешкен комиссиялардын деңгээлинде да өнүктүрүү маселесин көтөрдү.