Сүрөт: Президент «Социалдык контракттан» жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү күтүүсүз кыдырды

Президент Жапаров бүгүн, 25-апрелде, күтүүсүздөн барып, «Социалдык контракт» программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Чүй облусундагы бир катар үй-бүлөлөрдү кыдырып, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын кандай пайдаланылып жатканынан жеке өзү кабар алды.

Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда каражат даректерине толук жетип жатабы, алар чындап эле чакан ишкерликке багытталуудабы — мына ушуларды сурап, каражат алган үй-бүлөлөр бул программанын алкагында иш жүзүндө кандай пайда көрүп жатканына кызыкты.

Жергиликтүү тургундар бул каражатка негизинен тигүүчү машиналарды жана мал сатып алып, ай сайын киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын айтып беришти. Ошентип, алар өз аймагында чакан бизнес ачып, үй-бүлөсү үчүн киреше алуучу булак жаралганын белгилешти.
“Социалдык контракт” долбоору Президент Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылууда. Ага ылайык, аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон каражат кайтарымсыз берилет.

Мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү каржылык сабаттуулукка үйрөтүп, бизнес-план түзүүгө жардам берип, узак мөөнөттүү бизнести ийгиликтүү жүргүзүү боюнча кеңештер берилет.

Алсак, 2022-жылы бул долбоордун алкагында 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген.
2023-жылы 8 миңден ашык үй-бүлөгө чакан ишкерлик үчүн 100 миң сомдон берилди. Быйыл өлкөнүн бардык аймактарынан аталган долбоорго жалпысынан 10 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлөнү камтуу пландалууда.

71aac971 8b02 4b00 bcc2 18a092f1e37e Сүрөт: Президент «Социалдык контракттан» жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү күтүүсүз кыдырды
d2da13ee 4934 497e 9859 96b68a590922 Сүрөт: Президент «Социалдык контракттан» жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү күтүүсүз кыдырды
25bf8a21 7e70 4747 91bd 6dee947476b6 Сүрөт: Президент «Социалдык контракттан» жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү күтүүсүз кыдырды
44bc11d5 790b 4cb4 bd08 a74171ed3bd1 Сүрөт: Президент «Социалдык контракттан» жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү күтүүсүз кыдырды
16d34288 d913 4154 9832 3b41b90de29b Сүрөт: Президент «Социалдык контракттан» жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү күтүүсүз кыдырды
5f0eab7b c7a8 41d0 b263 a02feefe6f13 Сүрөт: Президент «Социалдык контракттан» жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү күтүүсүз кыдырды
5a6d3a8f a72d 4096 abc4 153119d6fa52 Сүрөт: Президент «Социалдык контракттан» жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү күтүүсүз кыдырды
4c8743e4 82d9 4d51 81ee ccb06cdb80bf Сүрөт: Президент «Социалдык контракттан» жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү күтүүсүз кыдырды
e11e9a22 a484 4453 803a 273ec4b1baee Сүрөт: Президент «Социалдык контракттан» жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү күтүүсүз кыдырды
3a7bbad7 0ade 4ae6 ae1f 7dfd9b6eb0dd Сүрөт: Президент «Социалдык контракттан» жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү күтүүсүз кыдырды
eb440978 01fe 4e34 afda 2c51153a8a65 Сүрөт: Президент «Социалдык контракттан» жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү күтүүсүз кыдырды
f77d4668 bd89 43d5 a1e5 e969dc025645 Сүрөт: Президент «Социалдык контракттан» жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү күтүүсүз кыдырды