Бүгүн, 25-апрелде Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айыл аймагынын 1-Май айылынан агып өткөн каналга 42 жаштагы Ж.Э. аттуу адам түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Агын суудан издөө үчүн №66 ӨКБдан 17 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн куткаруучулар суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
![kara Кара-Кулжадагы каналга 42 жаштагы адам түшүп кетип, каза болду](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/04/kara.jpeg)