Нурланбек Шакиев Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар койду

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россиядагы расмий иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанында орун алган Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, төрага делегация мүчөлөрү менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди.

Кошумчалай кетсек, Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Россия Федерациясындагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушат.

Жолугушууларга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза катышары күтүлүүдө.