Депутат: “биз карыяларды, боюнда бар аялдарды камакка албай, үй камагына чыгаралы”

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун каралды.

Мыйзам долбоор депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген. Эл өкүлү билдиргендей, бул мыйзам долбоору улгайган жана кош бойлуу аялдарга карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүн гумандаштыруу максатында иштелип чыккан. Улгайган курактагы жана кош бойлуу аялдарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонууга чектөөлөрдү киргизүү бул мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат.

“Эгер ал адамдар сот же тергөө органдары тарабынан издөөгө алынса, же алар өтө оор кылмышка шектелсе, анда аларга мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар иштебейт. Биз карыяларды, боюнда бар аялдарды камакка албастан, аларды үй камагына алууну сунуштап жатабыз”, — деди Бекешев.

Жыйында депутат Эмил Жамгырчиев мыйзам долбооруна юридикалык жактан жол берилбей тургандыгын жана эгер ал кабыл алына турган болсо, анда Баш мыйзамга дагы өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтты.

Дастан Бекешев экономикалык кылмыштарды жасагандар мыйзамга ылайык, СИЗОго камалбай, алар үй камагына чыгарылып жатканын айтып, бул теңсиздик экенин белгиледи.

Жыйында эл өкүлү Эмил Жамгырчиев прокуратура жана күч органдарынын кызматкерлери менен талкуулоо керектигин айтып, депутаттар мыйзам долбоорун күн тартибинен убактылуу алып турууну чечишти.

Маалымкат негиздемеде айтылгандай, Жогорку соту тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын 1-январынан 31-мартына чейинки мезгилде камакка алуу бөгөт чарасы 1455 адамга тандалган. Ал эми 2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге карата камакка алуу бөгөт чарасы 5743 адамга тандалган.