Нарында мас абалда унаа башкарган төрт аткаминер кармалды

Нарын облусунда төрт сааттын ичинде 27 авто унаа айып аянтчасына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Нарын облусунун аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу, мыйзам бузууларга жол бербөө жана айдоочуларды айдоо маданиятына чакыруу багытында атайын рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө төрт сааттын ичинде 102 жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктады.

Алардын ичинен:

— мас абалында унаа башкарган 4 адам (баары чоң кызматтарда иштегендер);

— тийиштүү документтери жок 1 авто унаа;

— мыйзамсыз кошумча жабдыктап алган (переоборудование) — 5 унаа;

— терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган 1 унаа;

— “Автоураган” аппараттык комлекси аркылуу ар кандай (издөөдө жүргөн, айып пулун төлөбөгөн) жол эрежесин бузган 13 унаа аныкталган.

— башка жол эреже бузуулар 78.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 27 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.

«ЖКККББнын атайын ротасы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында Кыргызстандын башка аймактарында да рейддик иш-чараларын улантат. Айрыкча мас абалында унаа башкарган айдоочуларга каттуу чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.