Эскирген дарылар менен дарылаган чет элдик кармалды

Чүй облусунун тургунунун уулун онкологиялык оорудан айыктырууну убада кылып, алдамчылык жол менен акча алган чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-апрелде милицияга Б.С. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл февраль айында «Сиддик» аттуу киши уулун рактан айыктырам деп ишенимине кирип, 5 миң доллар алган. Бирок убадасын аткарбай, дары-дармекке деп акча талап кылууну уланткан.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Териштирүү учурунда «Сиддик» аттуу адамдын өздүгү такталып, ал Пакистандын 41 жаштагы С.У.Р. аттуу жараны болуп чыккан. Белгилүү болгондой, анын дарыгерлик менен алектенүүгө эч кандай документи жана медициналык билими жок болуп туруп, мыйзамсыз дарылоо жүргүзгөн. Ал баланы эскирген дарылар менен дарылап жүргөн.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында милиция шектүү катары С.У. Р. аттуу жаранды кармап, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан башка да адамдар бар болушу мүмкүн болгондуктан, милиция жабыр тарткан жарандарды 0312 36 35 27, 0312 36 35 23 номерлерине кабар берүүсүн суранат.