Жол кырсыктан жеңил унаа көпүрөдөн кулап кетти, – видео

Бишкектеги жол кырсыктан жеңил унаа көпүрөдөн кулап кетти. Бул тууралуу активист Эртай Искаков билдирди.

Маалым болгондой, кырсык 23-апрелде Чыгыш автобекетинин жанында катталган. Range Rover унаасы катышкан жол кырсыктын кесепетинен дагы бир жеңил унаа көпүрөдөн кулап кеткен.

Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.