Ош облусунун Ноокат районунунун Арал айылында 14 жаштагы өспүрүм кыз өзүнүн үйүндө асынып каза болгондугу боюнча териштирүү жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу 24-апрелде облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде болгон. Анда 8-класстын окуучусу өзү жашаган үйүнө асынып алган. Бирок, милицияга окуя боюнча билдирүү 24- апрелде түшкөн.
“Маркум Арал айылында ата-энеси менен чогуу жашап жаткан. Райондун аймагындагы мектептердин биринде 8-класстын окуучусу болгон. Маркум асынып алган күнү жакындары милицияга билдирген эмес. Мындан улам, маркумдун сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Себеби анын сөөгүн 4-апрелде жерге беришкен”,- деп айтылат маалыматта.
Милиция Ноокат РИИБи окуяны электрондук китебине катталып, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.