Бишкек – “Манас” аэропорту жолунда кырсыкка кабылган мектеп автобусунда башталгыч класстын окуучулары болгон. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, автобустун ичинде Чүй облусунун Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин башталгыч класстарынын 18 окуучусу болгон. Маалыматты аталган мектептин директору Рахат Мырзабекова тастыктаган.
“Учурда жол кырсыгынан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө”, — деп билдиришти министрликтен.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жол кырсык бүгүн, 20-апрелде катталган, жерине эки тез жардам бригадасы барган.
№3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, жол кырсыктан 18 бала жабыркаган, төрт бала реанимацияга түштү, алардын бири оор абалда.



