
18-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Корея мамлекетинен 4 тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, расмий кабыл алуу иш-чарасына министр Бообек Ажикеев жана аталган өлкөнүн “GO&DO” социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү катышты.
Унааларды берүү боюнча Кыргызстан менен Кореянын өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн ортосунда буга чейин жетишилген макулдашуулардын негизинде, Кореянын Кёнгидо провинциясынын өрткө каршы башкармалыгы тарабынан бөлүнгөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кёнгидо провинциясынын Өрт өчүрүү башкармалыгына жана Кореянын “GO&DO” социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрүнө тез жардам унаасы түрүндө көрсөтүлгөн техникалык жардам жана аларды Кыргызстанга жеткирүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.


