Жакышов: «Алтын казына» кафесинде кыз зордуктоо боюнча соттук териштирүү жүргүзүлбөй жатат

«Алтын казына» кафесинде кыз зордуктоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү жүргүзүлбөй жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында депутат Руслан Жакышов билдирди.

Анын айтымында, зордуктоого шектелген эки жигит жоопко тартыла элек.

“17 жаштагы кыздын ата-энеси мага улам сайын кайрылып, сот процесси өтпөй жатканын айтып, нараазы болуп жатышат. Бул иш боюнча эч ким жазаланган жок. Кыздын атасы адилеттүү чечим чыгарбаса, орозо бүткөндөн кийин өзүмдү өзүм өрттөйм деп жатат», — деди эл өкүлү.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев бул боюнча иш тергелип бүтүп, соттун кароосуна жиберилгенин айтты.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 8-августунда «Алтын казына» ресторанында администратор болуп иштеген бир нече адам аталган жайдын жашы жете элек официантын зордуктаганы жөнүндө маалымат тараган. Бул тууралуу зомбулукка кабылган кыздын ата-энеси коомчулукка кайрылган.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр 17 жаштагы кызды ресторандын жанындагы мейманканага камап, зомбулук көрсөткөн.  Кийинчерээк кылмышка шектүү делип 20 жаштагы жигит кармалып, камакка алынган. Бул иш боюнча Кылмыш кодексинин «Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.