Йеменде жардам алууга барган 90 адам тепсендиде каза болду, 300дөн ашууну жаракат алды

Йемендин борбору Сана шаарында муктаждарга жардам берүүчү борбордун жанында тепсендиде калып 90 адам каза болуп, 300дөн ашууну жаракат алганын ТАСС билдирди. 

Каргашалуу окуя 19-апрелден 20-апрелге караган түнү жардам бөлүштүрүүчү борбордун аймагында болгон. Бул күнү ишкерлер жакырларга 9 доллардан таратып жатышкан. Каза болгондордун арасында балдар да бар. 20 жабырлануучунун абалы оор. Окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, жеринде тез жардам кызматы иштеп жатат. Жабыркагандарды ооруканаларга жаткыруу уланууда.

Маалыматка ылайык, бул жерде ишкерлер жума сайын муктаждарга жардам берип турушат, бирок буга чейин мындай болгон эмес.

Учурда ишкерлердин экөө камакка алынды.