300 млн сомдук алтын ташып бараткан адам кармалды 

Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келе жаткан 300 млн сомдон ашык баадагы алтын кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекtттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, 17-апрелде товарларды каттаган «Ак-Жол» чек арада пунктунда Чүйдөгү ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан JAC унаасы кармалган. Анын ичинде тиешелүү документтери жок 84 кг алтын бар болгон.

Учурда республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.