Оштогу  каналга 2 жашар кыз түшүп кетти

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Падаван айылынын Кош-Таш-2 тилкесинде «Увам» каналына 2 жашар Б.Х. аттуу кыз түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине издөө ишин жүргүзүү үчүн жалпы 23 куткаруучу тартылды.

Издөө ишинин жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.