Дайыр Орунбеков: “окуучу кыз классташын мыкаачылык менен уруп жаткан окуя биздин өлкөдө эмес”

Бул окуя Кыргызстандын аймагында катталган эместигин Президенттин маалымат саясатынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында окуучулар казак тилинде сүйлөп жатат. Андыктан, Бермет Садыкова жарыялаган видео бизге тийешеси жок.

«Окуучуларга жана ата-энелердин психикасына терс таасир бере турган жалган маалыматтарды андан ары жайылтпоого чакырам»,-деп жазат Орунбеков.

Окуя ушул жылдын 1-2-март күндөрү Усть-Каменегорсикде болгону тууралуу маалымат төмөнкү шилтемеде.

https://newtimes.kz/obshchestvo/167574-rassylkoj-v-whatsapp-ushlo-video-s-izbieniem-devochki-v-trc-ust-kamenogorska

https://newtimes.kz/obshchestvo/167574-rassylkoj-v-whatsapp-ushlo-video-s-izbieniem-devochki-v-trc-ust-kamenogorska