Дайырбек Орунбеков чек арадагы жарандардын чырын ким баштаганын жазды

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков кечээ, 24-июлда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары ортосунда болгон чырды Ак-Сай айылынын тургуну баштаганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, окуя кечки саат 18:30 чамасында Баткен районунун Аксай айылында болгон.

«Ворух тараптан Аксай айылы аркылуу 9 машина (ЗАГСтан) келе жатышкан. Ошол учурда Кыргызстандын жараны — Аксай айылынын тургуну мас абалында тажик (жаранынын –ред.) унаасын токтотуп, таш менен уруп, айнектерин сындырып салган. Тажиктер унаадан түшө калып биздин 3 жаранды сабап салышкан.

Жолугушуу болду. Күнөлүүлөр боюнча териштирүү болот. Учурда кырдаал тынч, жол ачык. Жол милиция кызматкерлери менен күчөтүлдү», — дейт ал.

Орунбеков баракчасындагы билдирүүнү болжол менен бир сааттан кийин өчүрүп салды.

WhatsApp Image 2023 07 25 at 11.49.10 Дайырбек Орунбеков чек арадагы жарандардын чырын ким баштаганын жазды