Бишкек Жылуулук электр борборун бир айлык мөөнөткө газга өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин Аламүдүн району боюнча облустук башкармалыгынын башчысы Нурлан Шаршеев билдирди.
Бул ЖЭБ канча зыяндуу газ чыгарып жатканын билүү үчүн жасалат.
«Бизге 1 миллиард 769 миллион сом керектелет. Бул аз эмес, бирок түтүн көйгөйү күчөп баратканын эске алуу менен эффективдүүлүктү жана рентабелдүүлүктү салыштыруу зарыл болуп турат«, — деди Шаршеев.