Экология министринин биринчи орун басары дайындалды

Тилек Салыков жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрдин биринчи орун басарын Жаратылыш ресурстары министрлигинин жамаатына президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров тааныштырды.

Белгилей кетсек, Тилек Салыков 2022-жылдан бери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Укуктук-ченемдик камсыздоо башкармалыгын жетектеп келген.

Буга чейин жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары кызматын Канатбек Садыков аркалап келген.