“Түндүк электр” ААКнын мурдагы жетекчиси Азамат Кожомкулов кармалды

Бишкекте “Түндүк электр” ААКнын мурдагы жетекчиси Азамат Кожомкулов кармалды. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, ага карата прокуратура тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат. Кожомкулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, атайылап пайдасыз келишим түзгөн деп шектелүүдө.

Башка маалыматтар азырынча белгисиз.

Кожомкулов “Түндүк электр” ААКнын башкы директору болуп үч ай – 2021-жылдын 20-августунан 21-ноябрына чейин иштеп, өз каалоосу менен кызматынан бошотулган.