Кадамжайда тескөөчү “марихуана” колдонуп жаткан кишини кармаган

Бул туурасында Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБдин Айрыбаз айылдык милиция бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүсү өзү тейлеген аймакта коомдук тартипти көзөмөлдөп жүрүп, ээн талаада аталган аймактын тургундары 53 жаштагы А.Р. менен 43 жаштагы М.М. спирт ичимдигин ичип отурганын байкап, жанына келгенде алар баңгизат колдонуп жаткандыгын баамдап, ал жерге ыкчам тергөө тобу барып, колдонулуп жаткан жана А.Р. өзү жашаган үйүнө сактап жүргөн жалпы салмагы аз өлчөмдү түзгөн баңгизатка окшош затты акт түзүп алышкан.
“Бул маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алынган затка тиешелүү экспертиза дайындалган.
Экспертизанынын корутундусунда бул зат “марихуана” экендиги аныкталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат облустук милициянын маалыматында.

5890c91e 770c 4dfb a99d 89f8d3652cce Кадамжайда тескөөчү "марихуана" колдонуп жаткан кишини кармаган
5688c615 859c 4f6e 8c10 1c66f006e755 Кадамжайда тескөөчү "марихуана" колдонуп жаткан кишини кармаган