ИИМдин басма сөз кызматынын маалымат боюнча баңгизаттар тууралуу ыкчам маалымат алгандан кийин, Токтогул районунун 41 жаштагы Б.З. тургунунун үйүн текшерүү учурунда марихуана табылган.
“Сарайда жерге кургатылган кара куурайдын өзгөчө жыты бар, күрөң-жашыл түстөгү чөп табылган. Алынган заттар эки полиэтилен баштыкка салынган, алардын жалпы салмагы контролдук таразада 25 кг марихуаннаны түзгөн.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду”, – деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Токтогул районунун ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте баңги кылмышынын мүмкүн болуучу катышуучуларын аныктоо боюнча мындан аркы ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.