ӨКМ сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 6-9-апрель күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, нөшөрлүү жамгыр жаашы ыктымал. Буга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Кырсык катталган учурда жарандар 112 кызматына байланышса болот, чалуу күнү-түнү акысыз.