Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутаттар келди

Шаардык мэриядан билдиришкендей, бүгүн, 5-апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVII сессиясынын алдында төрага Нуртилек Орозбаев жана мэр Эрнисбек Ормоков “Ата-Журт Кыргызстан ” саясий партиясынан Уларкан Бекешова жана Согдиан Даминовго төш белги жана күбөлүк тапшырды.

Жаңы депутаттар “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат Айбек Жолдошев жана Жаннатхан Кебекованын ордуна келди.

Белгилей кетсек, Айбек Жолдошев Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары кызматына дайындалгандыгына байланыштуу мандатын тапшырган. Ал эми Жаннатхан Кебекова өз арызы менен мандатын тапшырган болчу.