БШКга Иманкулов Бекзат аттуу талапкерден арыз түштү

БШКга № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкерден дагы бир арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-апрелде БШКга 28-майда өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Иманкулов Бекзат Муратовичтен (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.

Буга чейин беш талапкер Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз берген.