“Бычактын үч изи табылган”: Кара-Балтадагы кафеде жаш жигит киши колдуу болду

Кара-Балта шаарындагы адам өлтүрүүгө шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 4-апрелде саат 22:40 чамасында милицияга Кара-Балтадагы «Алладин» кафесинде белгисиз адам киши колдуу болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине милиция кызматкерлери барып, соттук-медициналык эксперттин катышуусундагы кароо учурунда маркумдун денесинен бычактын үч изи табылган. Маркум 27 жаштагы Ж.Ж. аттуу жаран экени такталган.

Бул фактыга байланыштуу «адам өлтүрүү» беренеси боюнча иш козголгон.

Милициядан билдиришкендей, шектүү 32 жаштагы А.Б. аттуу жаран болгон.

Ошондой эле, милицияга шектүү Казакстанга чыгып кетүү үчүн «Пассат» унаасы менен Чалдыбар айылындагы кыргыз-казак чек арасы тарапка бара жатканы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Шектүүнү кармоо үчүн Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.

5-апрелге караган түнү саат 00:30да алар шектүүнү «Чалдыбар» постуна жакын жерде кармашкан. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө уланууда.

xinshot 20230405 112027665 "Бычактын үч изи табылган": Кара-Балтадагы кафеде жаш жигит киши колдуу болду