ВИДЕО: Чет өлкөлүк жарандар тамакка буюртма берип, төлөбөй кетишкен

Бишкекте “Панда” аталышындагы кафеде бүгүн, 18-мартта, тамакка буюртма берип, бирок, белгисиз себептерден улам, чет өлкөнүн жарандары төлөбөй жаткан видео жарыяланды.

Вulak.kg редакциясынын окурманы жиберген видеодо кафенин кире бериш жеринде алар телефон кармап, бири-бири менен урушуп жатканы тартылган. Анда кардарлар аларга тамак ичирбей койгон жаранга нааразы болуп жаткандыгын көрүүгө болот. Алардын арасында кытайлыктар менен бирге келген кыз: “тамактандырбай, жолтоо болуп жаткан адамды сыртка чыгарсаңар болмок” деп айтып жатканын угууга болот. Официант кыз чекти берип эмне кыларын билбей турганын көрсөк болот.

Ал эми экинчи тарап, кытай жарандарынын бөтөн өлкөдө мындай кылыктары чектен ашып кеткендигин айтууда.