Базардагы дүкөнгө уурулукка кирген жаран кармалды

Талас ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 12-март күнү Талас ШИИБге дүкөн ээлери арыз менен кайрылышкан. Анда 2023-жылдын 11-12-мартына караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында Талас шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Оюнчук” аталышындагы дүкөнүнүн ичинен 23 0000 сом акчасын белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткендигин билдиргени айтылат. Андан көп убакыт өтпөй, ошол эле аймакта уюлдук телефон саткан дүкөндө жалпы баасы болжолу менен 29 миң сомду түзгөн телефондор уурдалганы белгилүү болгон.
Аталган фактылар Талас ШИИБне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
“Талас ОИИБдин жана ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде, бул кылмыштарга шектүү Кара-Буура районунун, Кара-Сай айылынын тургуну 21 жаштагы К.Х. кармашкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө амалдары жүрүүдө”, – деп айтылат маалыматта.