12 000 АКШ доллары үчүн декан чет элдиктерге жасалма диплом берген

ЖАМУнун факультетинин деканы чет элдиктер үчүн жасалма дипломдорду жасаган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (“Кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку билим тууралуу жасалма дипломдорду даярдаган каналдын бети ачылды.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын жараны Ж.М.Б. 2017-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы кызматын аркалап турган убагында 12 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлык үчүн, Ирактын эки жаранына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөндүгү тууралуу жасалма диплом жасап бергени аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда башка ушул сыяктуу фактылар, ошондой эле жасалма диплом жасоого тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.