УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун активдүү жактоочусу кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

           Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-мартында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан ЭТУнун активдүү жактоочусу, 1995-жылы туулган, Жалал-Абад шаарынын тургуну А.К. кармалды. Ал мурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.
           "Кармалган А.К. 2022-жылдын аягында Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен, ал ЭТУнун тарабында куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн Сирия Араб Республикасына өтүп кетүүгө аракет кылган. 
           Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 37-256-беренесинин 2-бөлүмү (“Кылмыш жасоого аракеттенүү” - “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда", - деп айтылат маалыматта.