Боршайком Абировдун арызын канаттандырды

БШК Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу боюнча арызын карап, канааттандырды. Мындай чечим бүгүн жыйында кабыл алынганы аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

№21 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн кайрадан шайлоо өтүшү керек. Шайлоо мыйзамына ылайык, өлкө президенти жаңы шайлоонун датасын эки айдын ичинде белгилеши керек.

Белгилей кетсек, бүгүн Жаныбек Абиров мандатын тапшырган.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылууда. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, 12-мартта саат 03:30 чамасында Элебаев көчөсүндөгү ресторандардын биринде аны белгисиз адам сабаганын билдирген. Натыйжада жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылган. Анын башынан жаракат алганы аныкталган. Ур-тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган.

14-мартта Жаныбек Абиров аталган окуя боюнча үн катып, сабалган жарандан жана элден кечирим сураган.

Бул окуядан кийин Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген. 

15-мартта Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча атайын комиссия түзүлгөн.